Эрдоган президент катары Кыргызстанга алгачкы жолу келет

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган буга чейин Кыргызстанга премьер-министрликти аркалап турганда келген.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары менен келиши күтүлүп жатканын Sputnik агенттигине Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ЖМК: Эрдоган Түркиянын ЕБге мүчөлүгү жөнүндө Европага кескин талап койду
Ушул жылга пландаштырылып жаткан иш сапарs менен Эрдоган президент катары Кыргызстанга алгачкы жолу келет. Буга чейин ал Кыргызстанга премьер-министр болуп турганда келип кеткен.

Эрдогандын расмий иш сапары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында өтөт.

Президенттин келе турган күнү дагы такталат.

Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылдын август айында Түркиянын президенти болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0