Казакстан ШКУга Индия менен Пакистандын киришин кубаттайт

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусунда.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индия менен Пакистандын эл аралык тажрыйбасы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү ШКУнун андан ары өнүгүшүнө жакшы жардамчы болот деп айтты Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусунда Индия менен Пакистандын аталган уюмга киришин колдой тургандыгын билдирди.

"Биз Индия менен Пакистандын ШКУга мүчө өлкө деген статуска ээ болушун толук колдойбуз. Индия менен Пакистандын эл аралык тажрыйбасы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү ШКУнун андан ары өнүгүшүнө жакшы жардамчы болот",— деди Назарбаев.

Былтыр сентябрда Пакистан менен Индиядан аталган уюмга кирүү боюнча арыз түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0