Эл ташууга техникалык шарты жарабаган кичи автобустар токтотулду

Жазылуу
Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматы тарабынан 30-июндан тарта жүргүнчү ташыган автоунаалардын жол кырсыгына кабылуусунун алдын алуу боюнча "Коомдук транспорт" рейди жүрүп жатат.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Техникалык абалы талапка жооп бербеген 282 кичи автобус айып төлөнүүчү автотоктотуу жайына жеткирилген жана 201 айдоочу жолдо жүрүүнүн эрежеси боюнча кайтадан экзамен тапшырууга жөнөтүлгөн. Бул туурасында Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба ДПС ГУВДТехникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
1/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
© Фото / пресс-служба ДПС ГУВД БишкекаТехникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
© пресс-служба ДПС ГУВД БишкекаТехникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
3/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
© пресс-служба ДПС ГУВД БишкекаТехникалык абалы талапка жооп бербеген 282 кичи автобус айып төлөнүүчү автотоктотуу жайына жеткирилди.
4/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген 282 кичи автобус айып төлөнүүчү автотоктотуу жайына жеткирилди.
1/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
2/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
3/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген маршруттук таксинин салону.
4/4
Техникалык абалы талапка жооп бербеген 282 кичи автобус айып төлөнүүчү автотоктотуу жайына жеткирилди.

Жол кайгуул кызматынын инспектору жүргүнчү ташыган транспорттун айдоочулары тарабынан жол эрежелеринин бузулушун аныктап, каттоого алып, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

"Бүгүнкү күнү автотранспорттун канааттандырбаган абалы тууралуу 735 административдик протокол түзүлдү. 282 кичи автобус айып төлөнүүчү автотоктотуу жайына жеткирилсе, 201 айдоочу жолдо жүрүүнүн эрежеси боюнча кайтадан экзамен тапшырууга жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай иштер такай жүргүзүлө турганын аталган маалымат кызматынан кабарлашты. Бишкек шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматы тарабынан 30-июндан тарта жүргүнчү ташыган автоунаалардын жол кырсыгына кабылуусунун алдын алуу боюнча "Коомдук транспорт" рейди жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0