Балдарды мектепке даярдоо боюнча төрт миңден ашуун педагог окутулду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы окутуучу. Архив
Бала бакчадагы окутуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программаны мектептерге жана бала бакчаларына киргизет.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Башталгыч мектептердин мугалимдери жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердин тарбиячылары үчүн тренингдердин биринчи бөлүмү аяктаганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликте балдарды мектепке даярдоонун 480 сааттык программасын жайылтуу боюнча кеңешме өттү.

Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, программанын алкагында жалпысынан 4217 педагог окутулду.

"Окуу жылынын башталышына мектептер жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер программанын алкагында тийиштүү программалар, усулдук кеңешмелер, окуу куралдар жана эмерек менен камсыз болушат", — деди Ашымбаева.

Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программаны мектептерге жана бала бакчаларына киргизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0