"Сакалдын" таанышымын деп акча талап кылгандар москвадагы кыргыздарга кол салган

Жазылуу
28 жаштагы жаран "Сакал" аттуу "мыйзамдагы уурунун" кишилерине ай сайын 50 миң рублдан төлөп туруудан баш тарткандыгы үчүн башка жеп, ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Москва облусунун Красногорск шаарында 7-июлда кечки саат 7.30дар чамасында белгисиз эки жаран Кыргызстандын эки жаранына кол салып, тоноп кеткен. Жабыр тарткан 28 жаштагы жаран Красногорск шаардык ооруканасына башы жарылып түшөн. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 7-июлда кечки саат 7.30дар чамасында кыргызстандык эки жаран 12 кабатка лифт менен көтөрүлүп, лифттин эшиги ачылары менен белгисиз киши алардын бетине газ баллондогу суюктукту чачса, экинчи жаран темир союл менен аларды башка чапкылаган. Жабырлануучулар каршылык көрсөтпөй калганда, алардын кийимин чечип, 450 миң рублди жана iPhone 5 үлгүсүндөгү телефонун алып кетишкен. Жалпы чыгым 470 миң сомду түзгөн.

Якутскиде кыргызстандыктар миграциялык мыйзамды бузду
Тергөө учурунда аныкталгандай, окуя болордон эки жума мурун жабырлануучунун телефонуна Нурик аттуу жаран чалган. Ал Кыргызстандагы белгилүү мыйзамдагы ууру "Сакалдын" таанышы болорун айтып, ага айына 50 миң рублди төлөп туруусун эскерткен. Жабырлануучу анын сунушуна көнгөн эмес. 29-июнда ага чымыр денелүү үч жигит келип ай сайын айтылган сумманы төлөйсүң дегенде дагы баш тарткан.

Москва облусунун укук коргоо органдары жана КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринде 25 жаштагы кыргыз улутундагы Россиянын жараны кармалган. Тергөө учурунда ал коюлган айыптарды мойнуна алган.

Кол салууга катышкандардын бири Кума аттуу жигит издөөгө алынды. Ошондой эле, бул жарандардын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар жогун текшерүү жүрүүдө. 

Аталган кылмыш иши боюнча Тергөө башкармалыгынын Красногорск районундагы бөлүмү каракчылык фактысы менен кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0