Италиядагы кыргызстандыктардан биометрикалык маалымат чогултулду

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүКвириналдык сарай Римде. Архив
Квириналдык сарай Римде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмө иш-чаранын жүрүшүндө элчилик өкүлдөрү аталган шаарлардагы кыргызстандыктар менен жолугушуп, мигранттардын абалы, Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык кырдаал, документация сыяктуу орчундуу маселелер талкууга алынды.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы элчилиги Италияда жашаган кыргызстандыктардан биометрикалык маалымат чогултканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, Италиянын Кальяри, Неаполь, Рим шаарларында жашаган кыргызстандык жарандар 8-14-июль күндөрү биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев түштүктө биометрикалык маалыматтарды текшерет
Көчмө иш-чаранын жүрүшүндө элчилик өкүлдөрү аталган шаарлардагы кыргызстандыктар менен жолугушуп, мигранттардын абалы, Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык кырдаал, документация сыяктуу орчундуу маселелер талкууга алынды. 

Жолугушуу учурунда чет жердеги кыргызстандык жарандар почта аркылуу консулдук кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу кабардар болушту.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын августунда башталган. 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0