Сариев: мектептерге караганда мечиттердин саны көбөйүүдө

© AFP / MOHAMMED HUWAISХиджабчан кыздар. Архив
Хиджабчан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өлкө боюнча 44 мектеп салынып бүтөрүн билдирди. Ал эми кийинки жылы 100 мектеп имараты салынып, 100 мектептин имараты толугу менен оңдоодон өткөрүү каралып жатат.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө кескин чараларды көрүү керектигин мектеп программасы боюнча өткөн жыйында билдирди.

Өкмөт башчы билим берүү тармагындагы маселелер курч турганын, учурда бул тармактын ордун ар кыл диний кыймылдар ээлеп жатканын билдирип, тезинен чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө 2669 мечит, 67 медресе бар. Ал эми мектептердин саны 2027 болсо, 52 жогорку окуу жайы иштейт. Мектептерге караганда мечиттердин көптүгү тенденциянын кайда бара жатканын көрсөтүүдө", — деди Сариев.

Муну менен катар премьер-министр мындай көрүнүштү башка нукка бурууда коомчулуктун, мугалимдердин орду жогору экенин билдирди. Сариевдин айтымында, 

саясатчылар же башка уюмдар мечит салып берүүнү адатка айлантты. 

"Мектеп салам дегендер жокко эсе. Билим берүү бааланышы керек. Азыр шайлоо алдында саясий партиялар добуш алуунун ар жолдорун издей баштайт. Алар мектепке керектүү жабдыктарды сатып берүүнүн ордуна добушту башка жол менен сатып алууну көздөшөт. Ушундай кырдаалда коомчулук мектептерге керектүү нерсени талап кылышы керек", — деди премьер-министр.

Кыргыз тили китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки министрлик балдардын маданиятын арттыруу аракетин баштады
Сариев мектептерде билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин белгилеп, буга каршы кескин чараларды көрүү зарылдыгын ачыкка чыгарды. 

Премьер-министр өкмөт билим берүү жаатындагы маселелерди чечүүгө бардык аракетин жумшарын белгилеп, быйыл өлкө боюнча 44 мектеп салынып бүтөрүн билдирди. Ал эми кийинки жылы 100 мектеп имараты салынып, 100 мектептин имараты толугу менен оңдоодон өткөрүү каралып жатканын кошумчалады.

Жыйын соңунда Сариев Билим берүү жана илим министрлигине атайын жумушчу топ түзүп, билим берүү жаатында өзгөрүүлөрдү камсыздоо үчүн атайын план иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0