Мас абалында сууга түшүп жаткан адам агып кеткен

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГрафие идиши. Архив
Графие идиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерин шаардык куткаруучулар жүргүзүүдө. Учурда жарандын денеси табыла элек.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда 48 жаштагы Ормош аттуу жаран платинада сууга түшүп жатып агып кеткенин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, сууга агып кеткен Октябрь айылынын тургуну мас абалында болгон. Окуя 20-июлда саат 00.40 чамасында катталган.

Издөө иштерин шаардык куткаруучулар жүргүзүүдө. Учурда жарандын денеси табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0