Бишкекте жок кылынган согушчандарга экс-депутат мылтык жана акча берген делинүүдө

Жазылуу
Жогорку Кеңешке "Ак Жол" партиясынан келген К.М.К. аттуу экс-депутат өлкөдөн чыгып кетүү аракети учурунда "Манас" аэропортунан кармалды.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Экс-депутат Бишкек шаарында жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү менен тыгыз байланышта болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

УКМК: согушчандар Бишкекте бир нече теракт жасоону пландаган. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: согушчандар Бишкекте бир нече теракт жасоону пландаган
Кармалган экс-депутат атайын операция учурунда жок кылынган террордук топко уюшкан кылмышкерлердин мүчөсү "Тоха" деген каймана ат  менен белгилүү Тариел Жумагулов аркылуу акча жана курал-жарак (эки Калашников автоматы) бергени аныкталганы УКМК тараткан билдирүүдө айтылат. 

Бейшемби күнү, 16-июлда Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясынын натыйжасында  эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Аталган топ өлкөдө бир нече террордук чабуулдарды жасоону пландаганын атайын кызмат билдирген. Операция маалында 4 согушчан жок кылынып, УКМКнын 4 аскери жаракат алган.

Ошондой эле, алынган маалыматтарга ылайык, кармалган экс-депутаттын жардамы менен куралданган Жумагуловдун тобу бир канча каржы мекемелерине жана жеке адамдарга кол салып, тоношу керек болчу. Алынган каражаттар өлкөдө туруксуздук жаратууга жана террордук топту каржылоого жумшалмак.

Учурда экс-депутат УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0