Майга акча таппай, каракчылыкка баргандар кармалды

Жазылуу
Жумгал жана Ысык-Көл райондорунун 21 жаштагы жашоочулары Чоң-Сары-Ой айылында түнкү саат экиде жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, акча жана баалуу буюмдарды талап кылышкан.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарында каракчылардын тобу кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Жумгал жана Ысык-Көл райондорунун 21 жаштагы жашоочулары Чоң-Сары-Ой айылында түнкү саат экиде жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, акча жана баалуу буюмдарды талап кылышкан. Мындан тышкары, аялдын кичинекей кызын алып кетебиз деп коркутушкан. Натыйжада каракчылар жабырлануучунун 30 миң сомдон ашык акчасын жана плазмалык телевизору менен кошо бир катар баалуу буюмдарын алып кетишкен.

Улуттук валютаны колго берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жарандарды тоногон кылмыштуу топ кармалды
Аталган факт боюнча Ысык-Көл ОИИБ тергөө бөлүмү окуяга тиешеси бар төрт адамды таап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. 

Мындан тышкары, каракчыларга тиешелүү "Субару Легаси" унаасы аныкталып, андан бет каптар, кара түстөгү кол каптар, жана плазмалык телевизор табылган. 

ИИМдин маалыматы боюнча, кылмыштуу топ мүчөлөрү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн. Эс алуу аяктагандан кийин майга каракчылык менен акча табууну чечишкен. 

Учурда кармалган каракчылардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0