Бишкектин борборунда муздак суу өчүрүлөт

Жазылуу
Муздак суу Элебаев көчөсүндө суу түтүктөрүн орнотуу боюнча "Сантехма" ишканасы жүргүзүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу токтотулат.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Эртең, 23-июлда саат 10.00дөн 20.00гө чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу өчүрүлө турганын мэрия билдирет.

Сариев: быйыл жаратылыш газы кымбаттабайт
Маалыматка ылайык, бул Элебаев көчөсүндө суу түтүктөрүн орнотуу боюнча "Сантехма" ишканасы жүргүзүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу.

Муздак суу Байтик баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Горький, Жукеев-Пудовкин жана Кокон көчөлөрү менен чектешкен жерлерде өчүрүлөт. Ошондой эле эртең Октябрь райадминистрациясында, №5 өрт өчүрүү бөлүмүндө, "Учкун" басылмасында жана "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасында муздак суу болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0