Айдаров: Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушунун алгачкы жемиштерин мигранттар көрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДевушка с надписью Москва. Архивное фото
Девушка с надписью Москва. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда туруктуу жана убактылуу жашап иштеп жүрүшкөн мигранттар Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү боюнча чечиминин жакшы жыйынтыктары сезилип жатканын айтышууда.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча аракеттердин алгачкы жемишин мигранттар көрүп жатканын Ханты-Мансийск аймагындагы "Киргизия-Север" коомдук улуттук борборунун өкүлү Кубанычбек Айдаров Sputnik сайтына билдирди.

Биринчи кезекте Санкт-Петербургда кол коюлган келишимдин күчүнө кириши жакшы шарттарды түзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле кара тизмеге түшүп, риск тобунда турган 194 миң кыргызстандык үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

"Мигранттын кара тизмеге түшкөнүнө 1,5 жылдан ашса, алардын Россияга келишине уруксат берилүүдө. 10-июлдан баштап 1-ноябрга чейин жалпы кыргызстандык мигранттар үчүн кечирим болуп атат. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук киргенден кийин мигранттар патент менен эмес, эмгек келишими менен иштешет", — деди Айдаров.

Эмгек келишими менен иштеп баштаган соң Россиянын жарандарына берилген укуктар мигранттарга да берилерин ал кошумчалады.

Чет жактагы кыргыздардын диаспоралары жана коомдору Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын жакшы жыйынтыктары өз жемишин берип жатканын белгилешип, өлкө башчысына ыраазычылык кат жөнөттү.

"Биздин мекендештер реформалардын жакшы жыйынтыктарын көрүп жатат деп ишенимдүү айта алабыз. Россияда жана Казакстанда жумушка орношууда кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн мурда болуп келген бөгөттөр алынууда. Жүргүзүлүп жаткан бул реформалар Евразиялык биримдикке мүчө мамлекеттерде ишкердикти пайдалуу шартта жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүдө", — деп жазылат Россиядагы кыргыздардын коомчулуктарынын ыраазычылык катында.

Кыргызстандагы орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнө жаңы рынокторго чыгууга жагымдуу шарт түзүлгөнү аталган катта айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0