Улуттук банк рыноктогу долларларды сатып алды

Жазылуу
Доллар курсунун туруктуулугун камсыздоо үчүн Улуттук банк 3,2 миллион долларга интервенция жасады.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Кыргызстанда доллар баасынын кескин арзандашы катталып, мындан улам Улуттук банк бейшемби күнү интервенция жүргүзгөнүн банктын расмий сайты жарыялайт.

Улуттук валюта жарнамалык аянт катары колдонулууда
Маалыматка ылайык, доллардын расмий курсу 1,2 сомго төмөндөгөн. Эгер 21-июлда АКШ валютасынын баасы 62,9 сом болсо, эртеси 0,3 сомго арзандаганы байкалган. Ал эми валюта рыногунда 21-июлда доллар 62,4 сом, 23-июлда 60,6 сом чегинде катталган.

Жума күнү интервенция жүргүзүлгөндөн кийин доллардын наркы 61,1 сомго чейин жогорулады.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк 3,2 миллион доллар сатып алды. Июнь айында аталган банк доллар курсунун жогорулашынан улам 18,2 миллион доллар саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0