Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга Түштүк Кореяда операция жасалат

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүБалдар ооруканасы. Архив
Балдар ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, мындай акция беш жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул мезгил аралыгында 26 балага жасалган операция аман-эсен аяктаган.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга Түштүк Кореядан акысыз операциялана турганын Кызыл жарым ай улуттук коомунун ыктыярчысы Айдай Эрикова билдирди. 

Анын айтымында, балдар Инчхон шаарына 28-июль күнү учуп кетишет. Бардык чыгымды уюштуруучулар өз мойнуна алышкан.

"Биз жыл сайын Кыргызстандан акысыз операция жасоо үчүн бештен бала тандап алабыз. Мында баланын абалы, ата-энесинин материалдык абалы да эске алынат", — дейт Эрикова.

Маалыматка ылайык, мындай акция беш жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул мезгил аралыгында 26 балага операция аман-эсен жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0