Сариев: Бишкек шаарындагы айрым базарлардын айланасынан өтүүгө мүмкүн болбой калды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы ири базарларды айланды.
Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы ири базарларды айланды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы шаардын тазалыгы үчүн мэрия жана муниципалдык кызматтар эле эмес, шаар тургундары жоопкерчиликтүү экенин билдирип, шаардыктарды анын тазалыгына кам көрүүгө чакырды.

БИШКЕК, 26-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы ири базарлардын айланасын иретке келтирүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Темир Сариев Бишкектеги жаңыдан курулуп жана оңдолуп жаткан жолдорду кыдыруу учурунда Бишкек мэриясы борбордогу ири базарлардын айланасын иретке келтирүүгө тиешелүү көңүл бурбай жаткандыгын айтты. Премьер Бишкек мэриясына жана шаардагы район жетекчилерине тез аранын ичинде Орто-Сай, Аламүдүн жана башка базарлардын айланасын иретке келтирүү тапшырмасын берди.

"Биз шаар тургундарына бардык ыңгайлуулуктарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Бирок, учурда Бишкек шаарындагы айрым базарлардын айланасынан өтүүгө мүмкүн болбой калды. Ошондуктан, тез аранын ичинде базар тегерегиндеги мыйзамсыз салынган курулуштарды алып, тазалоо керек"— деди Темир Сариев.

Андан сырткары өкмөт башчысы шаардын тазалыгы үчүн мэрия жана муниципалдык кызматтар эле эмес, шаар тургундары жоопкерчиликтүү экенин билдирип, шаардыктарды анын тазалыгына кам көрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0