Чүйдүн жашоочуларынын 85 пайызы биометрикалык маалыматтарын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо күнү биометрикалык маалыматтар жана автоматташтырылган шайлоо үкөктөрү адилет шайлоо өткөрүүгө кепилдик берет.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Чүй облусундагы калктын 85 пайызы биометрикалык маалыматтарын тапшырганын өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Шейшемби күнү, 28-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чүй облусунда жашаган калктын биометрикалык маалыматтарды тапшырышын көзөмөлдөө боюнча бир катар райондун жашоочулары менен жолуккан.

Кудайбергеновдун айтымында, биометрикалык маалыматтарын берген жарандардын саны күн санап өсүүдө.

"5-августка чейин бардык райондор бармак издери менен шайлоочуларды тактоо боюнча масштабдуу тестирлөөгө даяр болушат", — деди ал.

Парламенттик шайлоону Атамбаев 4-октябрга дайындады
Сарпашев 5-августка чейин шайлоочулардын такталган тизмесин аныктап, ар бир шайлоо участкасына эки оператор жана бирден IT-адисти дайындоо керектигин тапшырып, алар атайын окуудан өтө турганын кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, шайлоо күнү инновациялык технологияларды колдонуу – адилет шайлоо өткөрүүгө болгон эки кадам. Биринчи кадам – бир кишинин бир нече жолу добуш берүү ыктымалдыгын жокко чыгаруу. Буга биометрикалык маалыматтар жардам берет. Экинчи кадам – бюллетендерди массалык түрдө салууну четтетүү. Автоматташтырылган шайлоо үкөктөрү тобу менен бюллетендерди таштоого жол бербейт.

"Адилеттүү шайлоо өткөрүү демократиянын башкы өзөгү. Буга чейинки шайлоолор адилетсиз, шайлоочулардын добушун уурдоо менен өтүп келгендиктен элдин бийликке болгон ишеними төмөндөгөн", — деди биринчи вице-премьер.

Өлкө башчысы 25-июлда парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Күздө боло турчу шайлоодо жарандар биометрикалык маалыматтары аркылуу гана добуш бере алышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери 4-сентябрда баштала турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0