Бир суткада "112" номерине жөндөн-жөн 782 жолу чалышкан

Жазылуу
Максатсыз кайрылуулардын көп болушуна сенсордук телефондордун кокустан басылып кетиши жана жаш балдардын ойноп чалуулары себеп болот.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Бир сутка ичинде "112" номерине 2 894 чалуу болуп, анын 782си максатсыз кайрылуу болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: 112 кызматына курч кырдаал түзүлгөн учурда гана чалуу керек
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 1 519 чалуу болсо, анын ичинен 536сы максатсыз жасалган. Ош шаары боюнча 1375 чалуунун 246сы жалган болуп чыккан.

ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлеринин айтуусунда, максатсыз кайрылуулардын көп болушуна сенсордук телефондордун кокустан басылып кетиши жана жаш балдардын ойноп чалуулары себеп болот.

Бирдиктүү "112" номери тынымсыз иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0