Чүй облустук сотуна өрт коюлуп, кылмыш иштеринин материалдары жоголду

Жазылуу
Буга чейин айрым маалымат каражаттары ИИМдин мурунку министри Зарылбек Рысалиевге таянуу менен "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары башкы фигурант болгон 7-апрелдеги талап-тооночулдук боюнча кылмыш ишинин документтери жоголуп кеткенин жазышкан.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Бүгүн Чүй облустук сотунун кабинетине өрт коюлуп, андагы айрым кылмыш иштеринин материалдары жоголуп кеткенин ИИМ тастыктады.

Милициянын тактоосу боюнча айрым материалдар өрттөнбөстөн, жоголуп кеткен. Фактыны облустук сот кызматкерлери да тастыкташууда, бирок кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартышты.

Окуя болгон жерде азыр Ленин РИИБ ыкчам тобу иштеп жатат. 

"Бул жалындап күйгөн өрт  эмес болчу. Бир катар кылмыш иштеринин материалдары жоголуп кеткени чын, бирок кайсы иш экенин айта албайбыз", — дешти министрликтен.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары ИИМдин мурунку министри Зарылбек Рысалиевге таянуу менен "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары башкы фигурант болгон 7-апрелдеги талап-тооночулдук боюнча кылмыш ишинин документтери жоголуп кеткенин жазышкан. 

Министрлик тергөөнүн азырынча ачыкка чыгарууга болбой турган бир нече версиясы бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0