Автоунаадан акча уурдады деп шектелген эки бала кармалды

Жазылуу
Уурулар жол тандабастын ичинен 20 миң сом жана башка баалуу буюмдарды алып кетишкен.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБдин ыкчам тобу уурулук кылды деп шектелген 19 жана 21 жаштагы уландарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Видео байкоо камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция видео байкоо камерасына түшүп калган ууруларды издеп жатат
27-июлда кечки саат 11лер чамасында Сүйөркулов көчөсүндө токтоп турган "Лексус 470" үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, 20 миң сом, 50 доллар, видео регистратор жана паспортун уурдап кеткени боюнча Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Аталган кылмыш ишине шектүү делип 19 жана 21 жаштагы балдар кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0