2022-жылкы кышкы олимпиада Алматы шаарында болушу мүмкүн

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах. Архив
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруучу комитети 2014-жылы июлда Осло,Алматы жана Пекин шаарларын 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер шаар деп жарыялаган, бирок 1-ноябрда Осло талапкерлигин кайра артка алган.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. 2022-жылы боло турган кышкы олимпиадалык оюндар өтчү шаар эл аралык олимпиада комитетинин Куала-Лумпурдагы 128-сессиясында белгилүү болот. Бул тууралуу Новости Казахстан сайты маалымдады.

Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруучу комитети 2014-жылы июль айында Осло (Норвегия), Алматы (Казакстан) жана Пекин (Кытай) шаарларын 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер шаар деп жарыялаган, бирок 1-ноябрда Норвегия талапкерлигин алган.

Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах эки шаар тең оюндарды өткөрүүгө абдан жакшы даяр экенин айтат.

"Талапкерлер "Күн тартиби-2020" кабыл алынып, ЭОК менен кеңешкенден кийин программасын өзгөрткөн. Инфраструктурага кеткен чыгымдар 1,5 миллиард долларга төмөндөтүлгөн", — деди ал. 

Ошондой эле эки шаардын тең чыгымдарла турган бюджети 1,8 миллиард доллардан төмөн экенин кошумчалады.

Бахтын айтымында, Олимпиаданын бюджети ЭОКтун ири көлөмдөгү  800 миллион доллар салымынан улам профициттүү болот.

"Токиону карагыла – оюндарга 5 жыл калганга чейин эле туура маркетингдин аркасы менен бюджетин жаап алды. Андыктан "Күн тартиби-2020" идеясынын ийгилиги көрүнүп турат", — деди Бах.

Буга чейин Алматынын акими Ахметжан Есимов Олимпиада өткөрүү үчүн шаарда имараттардын 70 пайызы курулганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0