Шайлоого катышуу үчүн БШКга азырынча 17 партия арыз берди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШайлоо. Архив
Шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнгө карата шайлоого катышуу үчүн 17 партия арыз берди. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыздар 2-августта саат 17.00гө чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Азырынча шайлоого катышууга ниетин билдирген партиялардын саны 16га жеткенин Sputnik агенттигине БШК мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.

Ишемби күнү президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындаган буйрукка кол коюп, өкмөткө шайлоону сапаттуу өткөрүүнү камсыздоо боюнча тапшырма берди.

БШК мүчөсүнүн айтымында, саат 18.00гө карата төмөнкү 16 партия арыз берген:

  • "Ата Мекен"
  • "Өнүгүү-Прогресс"
  • "Бир Бол"
  • "Ар-Намыс"
  • "Бүтүн Кыргызстан Эмгек"
  • "Мекен Ынтымагы"
  • КСДП
  • "Республика Ата-Журт"
  • "Партиясыздардын Аалам Партиясы"
  • "Эркиндик жана демократия" 
  • "Замандаш-Современник"
  • "Келечек-Будущее"
  • "Аруу Эл"
  • "Улуу Кыргызстан"
  • "Союз"
  • "Эгемен Кыргызстан"
  • "Жашылдар партиясы"

Канатбек Азиз шайлоого катышуу арыздары 2-августка чейин кабыл алынарын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0