Президент унаа ээлеринин жоопкерчилиги камсыздандырган мыйзамга кол койду

Жазылуу
Мыйзам жол кырсыгынан улам жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандырууну жөнгө салат.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарындагы коомдук унаанын абалы жакшырат
Бул мыйзам жол кырсыгынан улам жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салат. Анын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0