ИИМдин имаратынын жанында шектүү куту бомба эмес, таштанды болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкеринин фуражкасы. Архив
ИИМ кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү кутуну ИИМдин полковниктеринин бирөө байкап, билдирүү берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. ИИМдин борбордук аппаратынын жанында токтоп турган автомашинанын жанындагы бомба болушу мүмкүн делген баштык таштанды болуп чыкты. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.

Телефон террористи кылганына өкүнүп, кечирим сурады
Шектүү баштык боюнча билдирүү бүгүн түшкү саат 12лерде келип түшкөн. Баштык Жумабек жана Эркиндик проспектинин кесилишинде токтоп турган автоунаанын алдынан табылган. Өздүк булактын берген маалыматына ылайык, шектүү баштык ИИМдин полковнигинин автоунаасынын алдына ташталган. Полковник шектүү баштык жөнүндө тийиштүү тарапка билдирген.

УКМКнын саперлору окуя болгон жерге келип, шектүү кутунун ичинде таштанды бар экенин аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0