Сариев: Кыргызстан ɵзүм билемдиктен тажап бүттү

Жазылуу
Премьер өлкөдөгү өндүрүштү жолго салуу үчүн Кыргызстанда мыйзамды сактап, тартипке ɵзгɵчɵ кɵңүл буруу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 2-авг.— Sputnik. Премьер-министр өкмɵт Таластагы "Жер-Үй" кенин ишке берүүнү кɵздɵп жатканын, бирок мындай долбоорлорго тоскоол кылууну каалаган тараптар бар экенин айтты. 

Премьердин айтымында, кенди иштетүү үчүн уруксат кагазга төлөнүүчү 100 млн. долларга республикада 100 жаңы мектеп салып жана дагы 100 мектепти капиталдык оңдоодон ɵткɵрүү пландалып жатат.

Өкмɵт башчы мамлекетти ɵнүктүрүүгɵ багытталган ушундай долбоорлорго тоскоол кылууну каалаган жактар бар экенин белгилеп, мындай адамдарды жоопкерчиликке тартуу жагы караларын эскертти. 

"Биздин мамлекет учурда тартип болсун деген талаптын алдында иш алып баруусу абзел. Кыргызстан ɵзүм билемдиктен тажап бүттү. Кубаттуу мамлекет куруп, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырабыз десек, мыйзамды сактап, тартипке ɵзгɵчɵ кɵңүл буруубуз зарыл", – деди Сариев.

Таластагы "Жер-Үй" кенин иштетүүгө жергиликтүү элдин бир бөлүгү каршы болуп келет. Алар мөңгүлөр кыйрап, алтын өндүрүүдө цианид колдонулушуна нааразылыгын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0