Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү 5-6-август күндөрү жабылат

Жазылуу
Жол кайгуул кызматы бардык айдоочуларды жана унаа ээлерин жол эрежелерин бузбоого, сабырдуу болуп, карама-каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-август күндөрү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынан улам Бишкек жана Чүй облустарынын айрым көчөлөрү жабыла турганын Жол кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чара жогорку даражадагы меймандардын жолдон тоскоолдуксуз өтүүсүнө карата жасалып жатат.

Буга байланыштуу Жол кайгуул кызматы бардык айдоочуларды, унаа ээлерин жол эрежелерин бузбоого, сабырдуу болууга, карама-каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Көчөлөрдүн жабылышы эки күнгө созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0