Акыйкатчы: бир жылдан бери кызын көрө албай жүргөн энеге баласы кайтарылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАта-энесинин колун кармаган бала. Архив
Ата-энесинин колун кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча Кожогулова Кара-Кулжа РИИБ жетекчиси Караевге бир нече жолу кайрылган, бирок мындан эч натыйжа чыккан эмес.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Жайнагүл Кожогулова өзүнүн эки жашар кызын кайтарып алганын Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасы сатып жиберген бала энесине кайтарылды
Буга чейин Кожогулова Аккыйкатчы институтуна кайрылып, жарандык жолдошу Азамат Токтобеков бир жылдан бери кызын бербей жатканын кабарланган. Анын айтымында, кыз Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Толотой айылында чоң энеси Дилде Тезекбаева жана атасы менен жашап келген.

Кожогулова өзүнүн туугандары менен бир нече жолу Толотойго кызын алып кетүү үчүн келген. Бирок кайненеси менен жолдошу кызды бермек түгүл, көрсөтпөй коюшкан.

Аталган факт боюнча Кожогулова Кара-Кулжа РИИБ жетекчиси Караевге бир нече жолу кайрылган, бирок мындан эч натыйжа чыккан эмес. 

Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин келинге кызы кайтарылып берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0