Чаткалда билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги 1 млн. сомду өзүнө ыйгарып алган

Жазылуу
Аталган жетекчилерге Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облустук прокуратурасы Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине карата кылмыш ишин козгогонун Башкы прокуратура билдирди.

Асфальтта сүрөт тарткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдардын акчасын айылдык кеңештин башчысы тартып алды
Маалыматка ылайык, өткөн жылы Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги 971 миң сомду өзүн мыйзамсыз ыйгарып алган. Мындан тышкары, кызматкерлерге мыйзамсыз 154 миң сом айлык акы чегерилгени аныкталган. Бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке бир миллиондон ашуун материалдык зыян келтирилген.

Аталган жетекчилерге Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 171-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0