Нарын районунда жааган жамгыр 7 миллион сомдон ашык зыян алып келди

© flickr.com / Rose Ann RueterНарын району. Архив
Нарын району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда келтирилген чыгымдар аныкталып, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нарын районунда жааган жамгыр 7 миллион 172 миң сом зыян алып келгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү, 3-августта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен турак-жайларга селдин суусу кирген. 

Нарын районунда жүргөн сел 4 тонна чөптү агызып, үйлөр менен бала бакчаны каптап кетти
Учурда келтирилген чыгымдар аныкталып, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.

Селдин кесепетинен жалпысынан 33 турак-жай жана башка мүлктөр жабыркаган. Негизинен Орто-Саз жана Байгазак айылындагы үйлөр көп зыян тарткан. Эки айылды кошкондо IV даражада жабыркаган эки үй, III даражадагы сегиз жана II даражада 23 турак-жай аныкталган. Үйлөрдү калыбына келтирүүгө 6 миллион 800 миң сом керектелет.

Алдын ала маалымат боюнча, келтирилген жалпы чыгым 7 миллион 172 миң 570 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0