Салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт

© Фото / Спутник Кыргызстан / Эрнис ТемирканСалык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт
Салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам банк мекемелери жок жана калк отурукташкан алыскы жайларда өз алдынча башкаруу органдарына салык төлөөчүлөрдүн салык төлөө эсебине накталай акча каражатын кабыл алуу укугун бекитет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Салык кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койгонун өлкө жетекчисинин маалымат кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Калькулятор жана тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК: карызкорлор карызын тууму жок төлөөгө мүмкүнчүлүк алды
Аталган мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктар боюнча төлөмдөрдү жана патенттин негизинде төлөнүүчү салыктарды чогултуу укугун берет. Бул салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. 

Мындан тышкары, банк мекемелери жок жана калк отурукташкан алыскы жайларда өз алдынча башкаруу органдарына салык төлөөчүлөрдүн салык төлөө эсебине накталай акча каражатын кабыл алуу укугун бекитет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0