Жарадар болгон россиялык альпинист Ала-Арча капчыгайынан куткарылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМи-8 МТВ-5-1 вертолет. Архив
Ми-8 МТВ-5-1 вертолет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штабдын тик учагы жарадар болгон россиялык альпинистти 3600 метр бийиктиктен куткарды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жарадар болгон россиялык альпинист Ала-Арча капчыгайынан Башкы штабдын тик учагы менен куткарылганын штабдын маалымат кызматы билдирди.

Башкы штаб: испаниялык алты альпинист тирүү, бирөөсүнүн өлүгү Ошко жеткирилди
Куткаруу иштери 13-августта күндүн биринчи жарымында жүргүзүлүп, Ала-Арча капчыгайынын Тик-Төр мөңгүсүнөн 3600 метр бийиктикте жарадар болгон россиялык альпинист алып түшүрүлгөн. Жапа чеккен адамдын абалы туруктуу. 

Куткаруу иштери подполковник Улан Аралбаевдин жетекчилигинде ишке ашты.

Буга чейин КР Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы Ленин чокусунан жети альпинистти куткарган

Маалыматка ылайык, Ош шаарына испаниялык алты альпинист жана бир каза болгон жаран алынып келген. Алдын ала маалыматтар боюнча, топтун жетинчи мүчөсү Хосе Хернандес жүрөгү кармап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0