Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында болгон окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды

Жазылуу
Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында болгон мушташтан бир адам каза болгон. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, аны ички иштер министри Мелис Турганбаев жеке өзү көзөмөлгө алды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында болгон окуя боюнча иликтөө башталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин расмий билдирүүсүнө ылайык, 13-августта түшкү саат 12:00дөр чамасында Өрүктү айылындагы "Керемет-Суу" эс алуу жайына 29 жаштагы жергиликтүү тургун жана анын Бишкектен барган төрт досу үй-бүлөсү менен келишкен. Эс алуучулар менен аталган жайдын ээсинин ортосунда акча төлөө боюнча чыр болгон. Ал мушташка чейин жетип, 29 жаштагы жергиликтүү тургун таяк жеп, ооруканага баратканда каза болгон", — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Өрүктүдөгү өлүм айылдык кишини сууга киргизбей койгондон келип чыккан
Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери барынп, абалды көзөмөлгө алышкан. Бирок милиция кызматкерлери келгенге чейин каза болгон жарандын 350-400дөй жакындары эс алуу жайынын ээсинин эки кабаттуу үйүн жана үч машинасын өрттөп жиберишкен.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБ Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козголгон.

Учурда адам өлтүрүүгө шектелген эс алуу жайдын ээси жана башкалар кармалып, тергөө жүрүүдө. Ошондой эле төрт чагымчыл киши кармалганын ИИМ билдирди.

Ачылган кылмыш иши ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүндө экенин ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0