Тайырбек Сарпашевдин автоунаасы жол кырсыгына кабылганын өкмөттөн тастыкташты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБиринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин талкаланган кызматтык унаасы. Сүрөт социалдык тармактан алынган.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин талкаланган кызматтык унаасы. Сүрөт социалдык тармактан алынган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн социалдык тармактардын биринде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылганын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кызматтык унаасы бир ай мурун жол кырсыгына кабылганын өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов билдирди.

Бүгүн бир катар интернет сайттары Тайырбек Сарпашевдин кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылганын жазып чыгышкан.

Сарпашевдин Land Cruiser V8 үлгүсүндөгү кызматтык унаасы 2015-жылдын 14-июлунда жол кырсыгына кабылган.

"Тайырбек Сарпашев 13-июлда Баткенге учуп, андан кийин автоунаа менен Баткен — Ош — Жалал-Абад маршруту менен келиши керек эле. Анын айдоочусу Сарпашевди түштүктөн тосуп алыш үчүн кетип баратып, 14-июлда Таш-Көмүр шаарын аралап өткөн Бишкек – Ош жолунда рулду башкара ала албай, автоунаа ала салып кеткен", — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү.

Биринчи вице-премьер-министрдин айдоочусу түрдүү жаракаттарды алып, Таш-Көмүр шаарындагы ооруканада беш күндөй дарыланганын өкмөттөн билдиришти. Учурда ал үйүнө чыгып,  дарылануусун улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0