Жаңы конуштарда уурулук менен алектенген жарандар кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишенчен адамдар. Архив
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарында жашаган жалал-абаддык 22 жаштагы эки жаран кармалган. Тергөө учурунда аталган жарандар мындан башка бир катар уурулукка баргандарын моюнга алышты.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкектин Ак-Бата, Келечек, Ала-Тоо, Ак-Ордо жаңы конуштарынын аймагында үйлөргө ууруга кирип жүргөн эки жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирет.

Буга чейин 12 жолу уурулук кылган киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Буга чейин 12 жолу уурулук кылган киши кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-августунда такси айдоочусу белгисиз адамдар аны тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 5300 сом  акчасын алып кеткени туурасында арыз менен кайрылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарында жашаган жалал-абаддык 22 жаштагы эки жаран кармалган. Тергөө учурунда аталган жарандар мындан башка жаңы конуштардагы үйлөргө сегиз жолу уурулукка баргандарын моюнга алышты.

Учурда уурдалган буюмдар алынып, иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0