Сот Келдибековго карата бир кылмыш ишин токтотту

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутаты Ахматбек Келдибеков. Архив
Жогорку Кеңештин Ата-Журт фракциясынан депутаты Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев коюлган айыптын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин кароону токтотуу чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Ахматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш иши токтотулганын Sputnik агенттигине адвокат Татьяна Чильникина кабарлады.

Буга чейин экс-спикердин жактоочусу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аны кароону токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок биринчи жолкусунда сот кылмыш ишин токтотуудан баш тарткан. 

Келдибековдун сотунда парламентарийлер көрсөтмөсүн анын пайдасына беришти
Дүйшөмбүдө Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев коюлган айыптын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин кароону токтотуу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы 2002-2005-жылдары Социалдык фондду жетектеп турганда мамлекетке 24,3 миллион сом зыян келтирди деп айыпталган. Мунун негизинде ал сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Депутаттын салык кызматын жана парламентти жетектеп тургандагы коррупциялык иштери боюнча соттун отуруму шейшемби күнү уланат. 

Келдибеков Социалдык фондду, Салык кызматын жана парламентти жетектеп турган мезгилинде коррупциялык иштерге барган деген айып менен 2013-жылдын ноябрь айында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ден соолугуна байланыштуу сот Келдибековго чет өлкөдөн дарыланууга уруксат берген. Депутат өткөн жылдын 14-августунда кетип, Кыргызстанга 2015-жылдын 11-февралында кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0