Сариев УБ төрагасына валюта рыногунда кызыл кулактыкка жол бербөөнү тапшырды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДоллар купюралары. Архив
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер Каржы министрлигине чыгымдарга көзөмөлдү күчөтүп, киреше бөлүгүн күчтөндүрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго валюта рыногунда кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн коммерциялык банктар менен тыгыз иштешүүнү тапшырды. 

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономист: теңгенин түшүүсү КРди экономиканы же калкты тандоого мажбур кылат
Бейшемби күнү Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Казакстан теңгенин долларга карата эркин баасына өткөнүн билдирген. Биржа жаңылыктары коңшу мамлекеттин валюта рыногуна кескин таасирин тийгизди — банк жана акча алмаштыруу жайларындагы доллардын наркы жогорулап кетти. Казакстандагы кырдаал Кыргызстандын да валюта рыногуна таасирин тийгизип, теңгенин баасы төмөндөп, доллар өстү.

20-август күнү Сариев макроэкономика жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. 

"Рынок үчүн дүрбөлөң абдан кооптуу. Андыктан коммерциялык банктардын ишин көзөмөлгө алуу зарыл. Кызыл кулактыкка, валютанын кескин секиригине жол берилбеши керек", — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы Каржы министрлигине чыгымдарга көзөмөлдү күчөтүп, киреше бөлүгүн күчтөндүрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0