Жол кайгуул кызматынын инспекторлору үн жана видео жазуучу жабдууларды тагынат

Жазылуу
Бишкек шаарынын жол кайгуул кызматынын инспекторлору эми кийимине атайын жабдууларды тагып, жолдогу паракорчулук менен күрөшөт.

Үн жана видео жазуучу жабдууларды Бишкек ШИИБдин жана Чүй облусунун жол кайгуул кызматынын инспекторлору тагынып баштарын ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди.

"Бул жабдуунун беш функциясы бар. Үндү жазат, видеого тартат, GPS көзөмөлү, инспектордун борбордук радио түйүн менен байланышуусун дагы шарттай алат. Бул жабдуу инспектордун жанында болот. Андыктан жол эрежеси бузулган учурду гана эмес, айдоочу менен болгон бардык сүйлөшүүнү аудиого жана видеого тартат", — дейт ал.

Бул жабдууларды инспекторлор жумуштан кийин тапшырышы кажет. Жумуш учурунда тартылган бардык нерселер архивге көчүрүлүп, ошол жакта сакталат.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуулгандуу видеодогу милиция майору кызматынан кетип, наамы төмөндөдү
Жабдуунун баасы 250 доллардын тегерегинде болот. Жыл аягына чейин 500 жабдуу сатып алуу пландалууда.

Бир канча күн мурун баласынын машинасын токтоткону үчүн кесиптештерин уят сөздөр менен сөккөн милиция кызматкерлеринин видеосу интернетке тарап кеткен. Аталган видеодогу бардык кызматкерлер иштер алынган. 

Темир Сариев ИИМдин жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, аталган милиционерлерди иштен гана кетирип тим болбостон, наамдарын да төмөндөтүү керектигин айткан. Ушул эле күнү ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев Жол кайгуул кызматынын бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чогултуп, аталган факты боюнча жыйналыш жасаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0