Таш-Көмүрдө нефть иштетүүчү завод ачылды

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүНефть иштетүүчү завод. Архив
Нефть иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Заводдун негиздөөчүсү кыргыз-россиялык ишкана болуп саналат. Инвестициянын көлөмү алты миллион долларды түзүп, анын төрт миллиону жеке каражат, калганы "Россия инвестиция банкы" ишканасынын кредиттик ресурсу болуп эсептелет.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында кичи кубаттуулуктагы нефть иштетүүчү завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылуу аземине Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев катышты.

Заводдун башкы директору Дмитрий Шувалов ишкана алгач жылына 50 миң тонна мунай заттыраны өндүрө турганын белгиледи.

"Келечекте мунай затын өндүрүү көлөмүн 150 миң тоннага жеткирүү пландаштырылууда. АИ-92 бензининен тышкары завод гудрон, битум жана крекинг-мазут өндүрөт. Учурда 70 адам жумуш менен камсыз болду. Өндүрүштүн кеңейиши менен, иштеген адамдардын саны да көбөйөт", — деди Шувалов.

Сарпашев заводдун келечеги кең экенин белгилеп өттү.

"Ишкананын өндүрүмүнө суроо-талап күч. Бул күн сайын дагы өсөт. Өкмөт заводго бардык жагынан жардам берүүгө даяр", — деди биринчи вице-премьер.

Заводдун негиздөөчүсү кыргыз-россиялык ишкана болуп саналат. Инвестициянын көлөмү алты миллион долларды түзүп, анын төрт миллиону жеке каражат, калганы "Россия инвестиция банкы" ишканасынын кредиттик ресурсу болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0