Кыз-келиндер арасында Куран окуу боюнча жарыш өтөт

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак биринчи жолу 2014-жылы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө эки кишилик ажылык сапарга жолдомо ыйгарылган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында кыз-келиндер арасында Куран окуу боюнча жарыш өтө турганын "Мутакалим" коомунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак биринчи жолу 2014-жылы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө эки кишилик ажылык сапарга жолдомо ыйгарылган.

Учурда республикалык деңгээлде өтө турган сынакка акыркы даярдыктар жүрүп жатат.

Куран окуу жарышы "Дамас" мейманканасынын жыйындар залында эртең мененки саат 9.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0