Дүйнөдөгү эң кичине киши делген непалдык эргежээл кайтыш болду

© REUTERS / PRAKASH MATHEMAСамый маленький человек в мире Чандра Бахадур Данги.
Самый маленький человек в мире Чандра Бахадур Данги. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бахадур Дангинин бою болгону 54,6 сантиметр эле. Ал 76 жаш курагында кайтыш болду.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Америкалынын  Самоа аймагында дүйнөдөгү эң кичинекей киши делген 76 жаштагы киши кайтыш болду деп билдирет The Kathmandu Post.

Непалдык Бахадур Данги планетадагы бою эң кичинекей киши катары Гинесстин рекорддор китебине эки ирет киргизилген. Анын бою 54,6 сантиметрди болчу.  

Жума күнү Гиннесттин рекордчусу Америкалынын Самоа аймагында өпкөсүнөн кагынып ооруканага жеткирилген.

Гиннестин рекорддор китеби – уникалдуу көрүнүштөрдү, адамзаттын өзгөчө жетишкендиктерин, дүйнөлүк рекорддорду жана жаратылыштагы таң каларлык окуяларды каттайт. Бүгүнкү күндө Гиннестин рекорддор китеби дүйнөнүн 40 өлкөсүндө англис тилинде жарыкка чыгат, ошондой эле 37 тилге которулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0