Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөндөргө карата рейд баштады

© Sputnik / Нургуль МаксутоваБишкек жолундагы автоунаалар. Архив
Бишкек жолундагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин белгиленген мөөнөттө салык төлөнбөсө административдик жоопкерчиликке тартылаары тууралуу эскертилген. Мыйзамга ылайык 1-сентябрга чейин салык төлөнбөсө 2 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынып, мындан тышкары, ар бир күнгө туум эсептелет.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 8-сентябрдан тартып Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө карата рейддик текшерүү жүргүзө баштаганын аталган мекеме билдирди.

Автоунаа салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктоодо
Маалыматка ылайык, унаа ээлери айдоочулук күбөлүк жана техпаспорттон тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсү керек.

Учурда транспорт салыгын жыйноо улантылып жатат.

Буга чейин белгиленген мөөнөттө салык төлөнбөсө административдик жоопкерчиликке тартылаары тууралуу эскертилген. Мыйзамга ылайык 1-сентябрга чейин салык төлөнбөсө негизги суммадан тышкары эки миң сом өлчөмүндө административдик айып салынып, мындан тышкары, ар бир күнгө туум эсептелет.

Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында аяктаган.

Мамлекеттик салык кызматы аталган рейд бир гана салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да өткөрүлүп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0