Башкы штабда 2 млн. сомдук авиациялык отундун эсеби чыкпай калды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери учакка күйүүчү май куйуп жатат. Архив
Аскер кызматкери учакка күйүүчү май куйуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча аскер бөлүктүн жетекчилигине карата кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында текшерүү учурунда авиациялык отундун кем чыкканын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы менен УКМКнын бирге жүргүзгөн текшерүүсүнүн натыйжасында 40 тонна авиациялык отун жетпей калган. Мындан улам мамлекетке 2 миллион 22 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча аскер бөлүктүн жетекчилигине карата кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0