Өспүрүмдөрдүн футбол боюнча улуттук командасынын мыкты күйөрманын белек күтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Австралия оюнунун күйөрмандары. Архив
Кыргызстан жана Австралия оюнунун күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатына тандоо турунун аягында белгилүү болот.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өспүрүмдөрдүн футбол боюнча улуттук командасынын мыкты күйөрманы тандала турганын Футбол федерациясы билдирди.

Постекоглу: Кыргызстандын курама командасы тайпада 2-орунга жетиши мүмкүн
Сынак Азия чемпионатына карата өтө турган U-16квалификациялык оюндардын алкагында өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, анын шарты эң жөнөкөй: федерациянын Instagram баракчасына жазылып, #bestfanKG #акшумкар хештеги менен өз аккаунтунда футболго арналган сүрөтүн жайгаштыруусу керек. 

Жеңүүчү Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо 16, 18 жана 20-сентябрь күндөрү өтө турган U-16 квалификациялык оюндардын аякташы менен жарыяланат. Федерация мыкты күйөрманды жагымдуу белек күтүп жатканын белгилейт.

Бишкектин оюн талаасында Кыргызстан, Оман, Иордания жана Непалдын курама командалары беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0