БШК төрагасы Абдраимов кошумча шайлоо участкаларын текшерди

© пресс-служба города ОшШайлоо участкасы. Архив
Шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаарда катталбаган, бирок шайлоо күнү Бишкек жана Ош шаарларында боло турган шайлоочулар үчүн 46 кошумча шайлоо участкалары ачылган. Мында Бишкекте 39, ал эми Ошто 7 участкадан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Бишкектеги кошумча шайлоо участкаларын кыдырып чыкканын БШК билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада аталган участкалардын парламенттик шайлоого даярдыгы текшерилди. 

Шайлоо тилкесин даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
2 374 шайлоо участкасы добуш берүүчүлөрдү кабыл алууга даяр
Абдраимов үч участкалык комиссиялардын төрагалары жана кызматкерлери менен жолугуп, тизмеден өздөрүн текшерүүгө келген жарандар менен баарлашкан. Мындан тышкары, төрага 19-сентябрга чейин кабыл алына турган №2 формасы боюнча арыздарды кабыл алуу процесси менен таанышты.

Шаарда катталбаган, бирок шайлоо күнү Бишкек жана Ош шаарларында боло турган шайлоочулар үчүн 46 кошумча шайлоо участкалары ачылган. Мында Бишкекте 39, ал эми Ошто 7 участкадан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0