Таластын Кызыл-Туу айылында бала бакча ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы мекеменин ачылышы. Архив
Жаңы мекеменин ачылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү бала бакчада төрт тайпа иштей баштады, бир айдан кийин дагы эки тайпанын ачылышы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Таластын Кызыл-Туу айылында 140 орундуу бала бакча ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Баткенде чек арага жакын Көк-Таш айылында дагы бир бала бакча ачылды
Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын курулушу 1982-жылы башталып, төрт жылдан кийин пайдаланууга берилген. 1996-жылы жабылган бала бакчаны жандандыруу үчүн 15 жылдан кийин республикалык бюджеттен 2 миллион 336 миң сом бөлүнүп, имараттын чатыры, жылуулук системасынын теңи жана жарым корпус оңдолуп чыккан.

2013-жылы ремонтту аяктоо үчүн дагы үч миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, Япон элчилигинин колдоосу менен бала бакчанын ашканасы жабдылган. Үстүбүздөгү жылы демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен от жагылуучу жай курулган.

Бүгүнкү күнү бала бакчада төрт тайпа иштей баштады, бир айдан кийин дагы эки тайпанын ачылышы күтүлүүдө.

Бала бакчанын ачылуу аземине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев, акимдин орун басары жана райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы, жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0