Шайлоодо тергөө абагындагылардын теңи гана добуш бере алат

© Sputnik / Андрей Луковский / Медиабанкка өтүүТергөө абактарында добуш берүү. Архив
Тергөө абактарында добуш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө абактарында добуш берүү 3-октябрь күнү көчмө комиссиянын жана партиялардын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Тергөө абактарындагы 500 адамдын 217си алдыда боло турган парламенттик шайлоодо добуш бере ала турганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Алмата шаарынан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Алматыдагы кыргызстандык мигранттар шайлоого катышууга дилгир
Маалыматка ылайык, аталган жарандар биометрикалык маалымат тапшырып, баарынын колунда паспорту бар.

Тергөө абактарында добуш берүү 3-октябрь күнү көчмө комиссиянын жана партиялардын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

Учурда тергөө абактарында биометрикалык маалымат тапшырган 500дөн ашуун адам бар. Бирок мыйзамга ылайык тергөөдөгү жарандардын паспорту алып коюлгандыктан, алар добуш бере алышпайт. 

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0