Сегиз айда экономикалык кылмыштуулук 1 млрд. 37 млн. сомдон ашык чыгымга алып келген

Жазылуу
Экономикалык кылмыш негизинен салыктарды туура эмес көрсөтүү, жалган ишкердик жана товарларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча жасалган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Быйыл сегиз айда 715 экономикалык мыйзам бузуу катталып, келтирилген чыгым 1 миллиард 37 миллион 487 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Кыргызтелеком ишканасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду
2015-жылдын сегиз айында былтыркы жылга салыштырмалуу 245 миллион сомдон ашык чыгым мамлекетке кайтарылып, жалпы сумма 1 миллиард 86 миллион 29 миң сомду түздү.

Ошондой эле 519 кылмыш иши козголуп, 186 иш тергелип, сотко өткөн.

Экономикалык кылмыш негизинен салыктарды туура эмес көрсөтүү, жалган ишкердик жана товарларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча жасалган.

Андан сырткары, коррупция боюнча 162 факт аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0