БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Каргаша окуя болгонго чейин Сауд Аравиянын полициясы VIP унаалардын өтүшү үчүн жолдорду жапканын окуяга күбө болгон киши New York Times гезитине билдирген деп жазат "Sputnik Түркия" агенттиги.
Курман айт күнү Мина өрөөнүндө чоң шайтанга таш ыргытуу амалдары учурунда зыяратчылар тепсендиде калышкан. Акыркы маалыматтар боюнча 753 киши каза болуп, 900дөн ашык киши жаракат алган. Алардын арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экенин муфтияттан билдиришкен.
Сауд Аравиянын өкмөтүндө иштеген Халид Салих өз сөзүндө окуя болгон жерге барганда зыяратчылар ага VIP унаалардын өтүшү үчүн бардык эшиктер жабылганын айткан.
Ирандын Ажылыкты уюштуруу уюмунун директору Саид Охади дагы жанындагы эки жол белгисиз себептер менен жабылганын кабарлаган.
Быйыл 12-сентябрда Аль-Харам мечитинде курулушта иштеп жаткан кран кулап 100дөй киши каза болгон.
Сауд Аравиясында зыярат учурунда тепсендиде калган учурлар буга чейин да катталган. 1990-жылы тепсендиде калып 1400 киши каза болгон.
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 3685 квота бөлгөн. Кийин кошумча дагы 500 орун бөлүнгөн. Ажыдан мусулмандар 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түздү.