"Кыргызстан-Кытай" магистралдык газ түтүгү быйыл курулуп бүтөт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул долбоор 35 жылга эсептелип, жыл сайын мамлекеттик бюджетке 50-60 миллион АКШ доллар киреше алып келет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Кыргызстан-Кытай" газ өткөркүч түтүктөрүн куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү чечими өкмөттүн Ош шаарында болгон көчмө жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кызматкерлер труба сваркалап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 300 чакырым газ түтүктөрү орнотулат
Токтомдун долбооруна Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында жайгашкан 0,25 га сугат айдоо жерди жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Жакенди, Кашка-Суу айыл аймактарында жайгашкан 18,67 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргонуу жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулат.

Жыйындын жүрүшүндө Темир Сариев бул долбоор Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы аймак үчүн маанилүү экенин билдирди. Аталган газ түтүгү бүткөрүлгөн соң 30 кубо метр газ ташылып өтүп, Кыргызстандын аймагындагы бөлүгү 215 чакырымды түзөт. Аны каржылоого жумшалган инвестициянын көлөмү 1,2-1,4 АКШ долларын түзөрүн Темир Сариев кошумчалады.

Бул долбоор 35 жылга эсептелип, жыл сайын мамлекеттик бюджетке 50-60 миллион АКШ доллар киреше алып келет. Келишимге ылайык, газ өткөрүүчү линиянын курулушу 2015-жылдын аягында бүткөрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0