Сариев чек ара аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын айтты

Жазылуу
Маалыматка ылайык, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине 59 айыл жана 10 участок бар.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарындагы көчмө жыйынында өлкөдөгү өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, аймактарды өнүктүрүүгө жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү аракети зарыл. Бул жаатта аймактардагы ишканаларды иштетүүнү колго алып, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Акимдер жана облустук жетекчилерине борбордон каражат күтпөстөн жер жерлерди ишканаларды алууга иштетүүгө аракет кылыш керек. Чек арада жакын жайгашкан аймактардагы канча кен иштебей турат. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аларды ачыш керек. Ошондо гана экономиканы өнүктүрүп, коопсуздукка көңүл бура алабыз", — деди Темир Сариев.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек араны бузуу менен мергенчилик кылган жаран кармалды
Өлкө башчы ошондой эле, өзгөчө статустагы аймактарга көңүл буруу күчөтүлүп, анда каралган жеңилдиктерди камсыз кылынарын билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине 59 айыл жана 10 участка кирген. Алардын ичинде:

 

  • Баткен облусу боюнча – 45 айыл, 7 участок;
  • Жалал-Абад облусу – 9 айыл, 2 участок;
  • Ош облусу – 1 айыл;
  • Ысык-Көл – 4 айыл;
  • Нарын облусу – 1 участок бар.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0