Ар бир экинчи кыргызстандык кан айлануу системасына байланышкан дарттан көз жумат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарылануучу. Архив
Ооруканадагы дарылануучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлүмгө дуушар кылуучу оорулардын ичинен экинчи орунда рак турат. Он өлүмдүн бирине тамак сиңирүү органдарынын дарты себеп болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарынын жарымы кан айлануу системасынын оорусунан каза табышат деп билдирет Улуттук статистикалык комитет.

Отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көбүнчөсү аялдарына 30-40 жаштагы жумушсуз эркектер кол көтөрөт
Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында катталган 20 миң өлүмдүн ичинен 10 миңине дал ушундай оорулар себеп болгон.

2,2 адамдын өмүрүн шишик оорусу алып кетсе, дагы 1,3 миңи тамак сиңирүү ооруларынан көз жумган. 

Ал эми эки миңге жакын кыргызстандык ажалынан мурун өлгөн. 473 адам жол кырсыгынан каза тапса, дагы 259 жаран өз өмүрүн өзү кыйыптыр. 111 кыргызстандык киши колдуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0